СҮРӨТТӨРҮ МЕНЕН МУХТАСАР ИЛМИХАЛ
151 Алгач «бүгүнкү витир намазын окууга» деп жүрөктөн ниет кылат. «Аллааху акбар» деп такбир алып, намазга турат. Багымдат намазынын сүннөтү сыяктуу эки рекет окугандан кийин отуруп жалгыз «Аттахияттын» өзүн окуйт. «Аллааху акбар» деп үчүнчү рекетке турат. Фатиха жана бир сүрө окуйт. Кийин рүкүгө кетпей туруп, колдорун таштап «Аллааху акбар» деп, намаз башында такбир алгандай кулак кагып такбир алат. Кийин колдорун байлапКунут дубасын окуйт. Кийин «Аллаахуакбар» депрүкүгөбарат.Саждаларданкийин олтуруп «Аттахият, Аллаахумма салли, Аллаахумма баарик жана Раббанаа» баталарын окуйт жана салам берип намазын бүтүрөт. БЕШ МААЛ НАМАЗДАГЫ РЕКЕТТЕРДИН САНЫ: 1– Парздар: Багымдат – 2, Бешим – 4, Аср – 4, Шам – 3, Куптан – 4 рекет болуп – Жалпы – 17 рекет. 2– Важиб: Жалгаз витир намазы –3 рекет. 3– Сүннөт Муаккада: Багымдат – 2, Бешим – 4, 2, Шам – 2, Куптан – 2 рекет болуп – Жалпы–12 рекет. 4– Сүннөт Гайри Муаккада: Аср – 4, Куптан – 4 рекет болуп – Жалпы – 8 рекет. Баарыны (Парз, важиб жана сүннөттөрү менен) чогултуп санаганда бир күндө 40 рекет болот.
RkJQdWJsaXNoZXIy NTY0MzU=