СҮРӨТТӨРҮ МЕНЕН МУХТАСАР ИЛМИХАЛ
150 4- ШАМ НАМАЗЫ Шам намазынын биринчи парзы андан кийин сүннөтү окулат. Шам намазын окууну каалаган киши, алгач коомат айтып «бүгүнкү шам намазынын парзына» деп ниет кылат. Үч рекет парз окуйт. Биринчи жана экинчи рекеттерде багымдат намазынын парзы сыяктуу окугандан кийин, отуруп «Аттахиятты» жалгыз өзүн окуп, «Аллааху акбар» деп үчүнчү рекетке турат. Үчүнчү иреккетте жалгыз Фатиха сүрөсүн окуйт. Отурганда «Аттахият, Аллаахумма салли, Аллаахумма баарик жана Раббанаа» баталарын окуп, эки жакка салам берет. Парз намаздан кийин «шам намазынын сүннөтүнө» деп жүрөктөн ниет кылып, багымдат намазынын сүннөтү сыяктуу эки рекет сүннөт окуйт. 5- КУПТАН НАМАЗЫ Куптан намазында алгач аср намазынын сүннөтү сыяктуу төрт рекет сүннөт, андан кийин коомат айтылып, бешим намазынын төрт рекет парзы сыяктуу төрт рекет парз окуйт. Андан кийин багымдат намазынын сүннөтү сыяктуу эки рекет акыркысүннөтүн окуйт. Булардын айырмачылыгы жалгыз ниеттеринде. ВИТИР НАМАЗЫ Витир намазы важиб, 3 рекет окулат. Куптан намазы- нан кийин окулат. Ар бир рекетте Фатиха жана бир кошумча сүрө окулат. Витир намазы мындайча окулат:
RkJQdWJsaXNoZXIy NTY0MzU=