СҮРӨТТӨРҮ МЕНЕН МУХТАСАР ИЛМИХАЛ

149 Үчүнчү жана төртүнчү рекеттерди мурунку эки рекет сыяктуу кошумча сүрө кошуп окугандан кийин отурат. «Аттахият, Аллаахумма салли, Аллаахумма баарик жана Раббанаа» дубаларын окуп, салам берип намазын бүтүрөт. Бешим намазынын парзы да, сүннөтү сыяктуу окулат. «Бүгүнкү бешим намазынын парзын окууга» деп ниет кылынат. Үчүнчү жана төртүнчү рекеттерде «Фатиха» жалгыз окулат. Башка парз намаздардын да үчүнчү жана төртүнчү рекеттеринде «Фатиха» жалгыз окулуп башка эч нерсе окулбайт. Бешим намазынын акыркы сүннөтү, багымдат намазынын сүннөтү сыяктуу окулат. Жалгыз гана «бешим намазынын акыркы сүннөтүнө» деп ниет кылат. 3- АСР НАМАЗЫ Аср намазын окууну каалаган бирөө, алгач төрт рекет сүннөтүн «бүгүнкү аср намазынын сүннөтүн окууга» деп ниет кылып окуйт. Алгачкы эки рекетин багымдат намазынын сүннөтү сыяктуу окуйт. Бирок, экинчи рекетте «Аттахияттан» кийин «Аллаахумма салли жана Аллаахумма баарикти» да кошуп окуйт. Салам бербестен, «Аллааху акбар» деп үчүнчү рекетке турат. Биринчи «Субхаанака» , «Аъуузу, Бисмилланы» андан кийин «Фатиха» сүрөсун жана бир сүрө же узун аят окуу менен дагы эки рекет окуйт. Аср намазынын парзы бешим намазынын парзы сыяктуу окулат. Жалгыз гана ниетте айырмасы бар: «аср намазынын парзына» деп ниет алат. Парздыбаштоодон мурун эркектер коомат айтууну унутпоо керек.

RkJQdWJsaXNoZXIy NTY0MzU=