СҮРӨТТӨРҮ МЕНЕН МУХТАСАР ИЛМИХАЛ

148 БЕШ УБАК НАМАЗ 1- БАГЫМДАТ НАМАЗЫ Багымдат намазы 2 рекет сүннөт, 2 рекет парз намаз болуп төрт рекет. Алгач сүннөт, кийин парз окулат. Намаз окууну каалаган бирөө даарат алып кыбылага жүздөнөт жана тик турган абалда жүрөктөн «бүгүнкү багымдат намазынын сүннөтүн окууга» деп ниет кылып «Аллааху акбар» деп такбир алып «Намаз кандай окулат?» бөлүмүндө айтылгандай эки рекет намаз окуйт. Ошентип, багымдат намазынын сүннөтү окулат. Парз намазын баштаарда коомат айтат жана жүрөктөн «бүгүнкү багымдат намазынын парзына» деп ниет кылат. (Аялдар эч бир намазда коомат айтышпайт). Багымдат намазынын парзында билгендер узун сүрө окуусу сүннөт. Эки рекетти окуп бүтүрүп, салам бергенден кийин жогоруда айтылгандай тасбихтерди окуйт жана дуба кылат. 2-БЕШИМ НАМАЗЫ Бешимнамазынокуунукаалаганкиши,алгач «бешим намазынын сүннөтүнө» деп ниет кылып, багымдат намазынын сүннөтү сыяктуу эки рекет окугандан кийин отуруп «Аттахиятты» окуйт, «салли баарик» ти окубайт. Салам бербестен «Аллааху акбар» деп үчүнчү рекетке турат жана «Фатиха» сүрөсүн окуйт.

RkJQdWJsaXNoZXIy NTY0MzU=