СҮРӨТТӨРҮ МЕНЕН МУХТАСАР ИЛМИХАЛ

13 ЫЙМАН Ыйман – Пайгамбарыбыз Мухаммед (с.а.в) дын Аллах Тааладан алып келген диний негиздерин жүрөк менен кабыл алуу, тили менен чын ыкыластан тастыктоо. Ыйман бул кабыл кылуу болуп саналат. Бирок адам өлгөндө ага мусулманча мамиле жасалуусу үчүн, тирүүсүндө күбөлүк келмесин жүрөгү менен кабыл кылып, тили менен ырастоосу шарт. Ыймандын шарты — жетөө. Бул жети шарт «Аманту» сөзүндө берилген. Анын арабчасы жана котормосу төмөндө:ِ َ اٰمَنْتُ بِاللهِ وَمَلٰئِكَتِه۪ وَكُتُبِه۪ وَرُسُلِه۪ وَالْيَوْمِ الْٰخِر ّ وَبِالْقَدَرِ خَيْرِه۪ وَشَرِّه۪ مِنَ اللهِ تَعَالٰى وَالْبَعْثُ بَعْد ُ الْمَوْتِ حَقّ اَشْهَدُ اَنْ لٰ اِلٰهَ اِلّ اللهُ وَاَشْهَدُ اَن مُحَمّدًا عَبْدُهُ وَرَسُولُه Окулушу: Ааманту биллаахи ва малааикатихии ва кутубихии ва русулихии вал явмил аахири ва бил кадари хайрихии ва шаррихии миналлаахи таъаалаа вал баъсу баъдал мавти хаккун. Ашхаду ан лаа илааха иллааху ва ашхаду анна Мухаммадан ъабдуху ва расуулуху.

RkJQdWJsaXNoZXIy NTY0MzU=