СҮРӨТТӨРҮ МЕНЕН МУХТАСАР ИЛМИХАЛ

130 Аср намазынын сүннөтүндө «Ниет кылдым, Аллах ыраазылыгы үчүн бүгүнкү аср намазынын сүннөтүн окууга» , ал эми парзында болсо, «Ниет кылдым Аллах ыраазылыгы үчүн бүгүнкү аср намазынын парзын окууга» деп жүрөктөн ниет кылат. Шам намазынын парзына: «Ниет кылдым, Аллах ыраазылыгы үчүн бүгүнкү шам намазынын парзын окууга» , сүннөтүндө болсо, «Ниет кылдым Аллах ыраазылыгы үчүн бүгүнкү шам намазынын сүннөтүн окууга» деп жүрөктөн ниет кылат. Куптан намазынын алгачкы сүннөтүндө, «Ниет кылдым, Аллах ыраазылыгы үчүн бүгүнкү куптан намазынын алгачкы сүннөтүн окууга» , парз намазына «Ниет кылдым, Аллах ыраазылыгы үчүн бүгүнкү куптан намазынын парзын окууга» деп жүрөктөн ниет кылат. Акыркы сүннөтүндө «Ниет кылдым, Аллах ыраазылыгы үчүн бүгүнкү куптан намазынын акыркы сүннөтүн окууга» деп жүрөктөн ниет кылат. Андан кийин окула турган витир намазына болсо, «Ниет кылдым Аллах ыраазылыгы үчүн бүгүнкү витир намазын окууга» деп жүрөктөн ниет кылат. Баардык ниеттер жүрөк менен жасалуусу керек. Жүрөктөн эмес, жалгыз тили менен ниет кылган болбойт. Бирок, жүрөк менен ниет кылып, тили менен кайталаса дүрүс болот.

RkJQdWJsaXNoZXIy NTY0MzU=