СҮРӨТТӨРҮ МЕНЕН МУХТАСАР ИЛМИХАЛ
129 Бул такбирден кийин колдор көтөрүлөт жана дуба кылынат (15–16–сүрөт). Бардык намаздар ушундай окулат. Бирок, үч жана төрт рекеттүү парз намаздары менен төрт рекеттүү сүннөт муаккада жана витир намазынын биринчи отурушунда жалгыз «Аттахият» окулат. «Аллаахумма салли» жана «Аллаахумма баарик» окулбайт. Бирок, аср намазынын сүннөтү менен куптан намазынын биринчи төрт рекет сүннөтү сыяктуу, сүннөтү гайры муаккадагылардын биринчи олтуруусунда «Аттахияттан» кийин «Аллаахумма салли» жана «Аллаахумма баарик» дагы окулат. Бул намаздардын үчүнчү рекетине турган кезде калган төрт рекеттүү намаздардын тескерисинче «Субхаанака» окушат. Аркасынан аъуузу менен бисмилланы айтып Фатихага башташат. Бешим намазынын сүннөтүндө «Ниет кылдым, Аллах ыраазылыгы үчүн бүгүнкү бешим намазынын алгачкы сүннөтүн окууга» деп жүрөктөн ниет кылынат. Парз намазында болсо: «Ниет кылдым Аллах ыраазылыгы үчүн бүгүнкү бешим намазынын парзын окууга» деп жүрөктөн ниет кылат. Акыркы сүннөтүндө болсо: «Ниет кылдым Аллах ыраазылыгы үчүн бүгүнкү бешим намазынын акыркы сүннөтүн окууга» деп жүрөктөн ниет кылат.
RkJQdWJsaXNoZXIy NTY0MzU=