СҮРӨТТӨРҮ МЕНЕН МУХТАСАР ИЛМИХАЛ

127 Экинчи рекеттин, экинчи саждасынан кийин сол бут жерге төшөлүп, оң бут тик туруп, манжаларын кыбылага каратып отурат (9–сүрөт) . Аялдар эки бутун оң тарапка чыгарып жамбашынын үстүнө отурат (10– сүрөт) . «тахият, салли жана баарик» окулат. Кийин «Раббанаа» дубалары окулат. Жүзүн, оң тарапка буруп жатып «Ассалааму ъалайкум ва рахматуллаах» деп айтат (11–12– сүрөттөр) . Андан кийин жүзүн сол тарапка буруп жатып «Ассалааму ъалайкум ва рахматуллаах» деп айтат. Ушинтип намаздан чыгат (13–14–сүрөттөр). Багымдат намазынын парзы да, сүннөтү сыяктуу окулат. Эркектер парздан мурун коомат айтышат. Парз намаздарын окуп, салам берип чыккандан кийин:َ اَللّهُمّ اَنْتَ السّـاَمُ وَمِنْكَ السّـاَمُ تَبَارَكْت *ِ يَـا ذَا الْجَـاَلِ وَالِْكْرَام Окулушу: «Аллаахумма антас салааму ва минкас салаам. Табааракта яа зал жалаали вал икраам» деп айтат. Артынан салават окушат.

RkJQdWJsaXNoZXIy NTY0MzU=