СҮРӨТТӨРҮ МЕНЕН МУХТАСАР ИЛМИХАЛ
126 ъазиим» деп айтат. Рүкүдө көздөр бут манжаларынын учуна карайт. Бирок,, башын ийбей түз кармайт. Рүкүдөн кийин «Самиъаллааху лиман хамидах» деп турат. Толук түздөлгөндөн кийин «Раббанаа лакал хамд» деп айтат. Кийин «Аллааху акбар» деп саждага кетет. Саждага жыгылгандажерге алгач тизелер, кийин колдор, аягында баш коюлат. (Саждада маңдай менен мурун, жердин катуулугун сезиши шарт). Кол менен буттун манжалары кыбылага каратылат. Саждада эркектер чыканактарын жерге тийгизбейт. Курсагын сандарынан жана жерден алыс кармайт. Бут жана кол манжаларынын учтары болсо, кыбылага каратылат (7–сүрөт) . Аялдар тескерисинче чыканактарын жерге тийгизет, курсактарын сандарына жакын кармашат, бут манжаларын эркектер сыяктуу кыбылага каратпайт (8–сүрөт) тө көргөзүлгөндөй буттарынын үстү жагын жерге коюшат. Саждада «Субхаана раббийал аълаа» деп үч жолу айтат. Кийин «Аллааху акбар» деп саждадан башын көтөрүп тизелеп отурат. Бир жолу «Субхааналлах» дегенчелик отурат, кийин «Аллааху акбар» деп экинчи ирет саждага жыгылат. Бул саждада дагы үч жолу «Субхаана раббийал аълаа» деп айтат. Кийин «Аллааху акбар» деп, экинчи рекетке турат. Колдор мурункудай эле байланат. Жалгыз Бисмилла менен Фатиха сүрөсү жана бир сүрө же бир узун аят окулат. Кийин биринчи рекетте жасаган сыяктуу рүкү жана сажда жасайт.
RkJQdWJsaXNoZXIy NTY0MzU=