СҮРӨТТӨРҮ МЕНЕН МУХТАСАР ИЛМИХАЛ
125 намазынын сүннөтүн окууга» – деп жүрөк менен ниет кылат. Эгер парзын окуй турган болсо: «Ниет кылдым, Аллах ыраазылыгы үчүн бүгүнкү багымдат намазынын парзын окууга», –деп жүрөктөн ниет кылат. Эгер нафиле намаз окуй турган болсо: «Ниет кылдым, Аллах ыраазылыгы үчүн намаз окууга», –деп эле жүрөктөн ниет кылуу жетиштүү. Кийин эки колунун манжаларын ачып кыбыла тарапка карап, баш бармактарын кулагынын жумшагына тийгизип «Аллааху акбар» деп БАШТАЛГЫЧ ТАКБИРИн айтат (1-сүрөт) . Аялдар болсо, колдорунун манжа учтарын ийин тушуна чейин көтөрөт (2–сүрөт) . Андан кийин эркектер оң колунун ичин сол колунун үстүнө коюп, колдорун киндик алдына коёт. Чыпалак менен баш бармак сол колдун билегин оройт (3–сүрөт) . Аялдар болсо, оң колун сол колунун үстүнө коюп, көкүрөгүнө коёт. Көздөр сажда кылган жерин карайт (4– сүрөт) . Колдор байлангандан кийин «Субхаанака» окула баштайт. Андан кийин Аъуузу жана бисмилла менен Фатиха сүрөсү окулат, аягында ичтен «Аамиин»–дейт. Кийин бир сүрө же кыска бир сүрө көлөмүндөгү эң аз бир аят окулат. Колдор эки тарапка түшүрүлүп, «Аллааху акбар»–деп рүкүгө кетет. Рүкүдө эркектер манажаларын ачып, колдору менен тизесинмыжыгат, башыменен белини түз бир деңгээлде кармайт (5–сүрөт) . Аялдар эркектердей ийилишпейт (6–сүрөт) . Рүкүдө эң аз, үч жолу «Субхаана раббийал
RkJQdWJsaXNoZXIy NTY0MzU=