СҮРӨТТӨРҮ МЕНЕН МУХТАСАР ИЛМИХАЛ

120 6–Бир жерин бир же эки жолу тырмоо (намазда мурундан аккан сууду арчып коюу жаиз жерге түшүрбөй), 7–Эч себепсиз малдаш токунуп олтуруу, 8–Адамдын бетине каршы туруу, 9–Күйүп турган отко каршы намаз окуу, 10–Бирөөнүн алды жагында, башынын үстүндө, оңунда, солунда, аркасында же кийиминде, караган адамдыноңой эле көрө ала тургандай тирүүжандыктын сүрөтү бар болуп туруп намаз окуу, 11–Керилүү, 12–Эсинөө, 13–Аттахиятта бутунун манжаларын тик тургузуп, согончогунун үстүнө олтуруу, 14–Жамбашын жерге тийгизип, тизелерин өйдө көтөрүп же колдорун жерге коюп олтуруу, 15–Жаңы жана жакшы кийими бар болуп туруп, эски жана жаман кийим менен намаз окуу. (Дайым кийип жүргөн кийими менен намаз окуу мустахаб. Кечинде кийүү адат болгон кийимдерден болгондугу үчүн аларды кийип намаз окууда зыян жок), 16–Жылаң баш намаз окуу, 17–Саждада же сажда тышында колунун же бутунун манжаларын кыбыладан башка жака буруу, 18–Жамаат менен намаз окууда алдыда орун бар туруп, сапка кошулбай аркада окуу,

RkJQdWJsaXNoZXIy NTY0MzU=