СҮРӨТТӨРҮ МЕНЕН МУХТАСАР ИЛМИХАЛ

116 9- Бешим жана асыр намаздарынын парздарында Фатиха жана кошумча сүрөлөрдү ичинен (өзү уга турганчалык) окуу, 10- Багымдат, шам жана куптан намаздарынын парздары, жума жана айт намаздарында имам болгон адам Фатиха жана кошумча сүрөлөрдү сырттан окуусу, 11- Үч же төрт рекеттүү намаздарда, экинчи рекеттен кийин олтуруу, 12- «Фатиха» сүрөсүн кошумча сүрө же аяттардан мурун окуу, 13- Намазда унутулуп, ташталып кеткен важиптерден улам сахив саждасын аткаруу, 14- Витир намазында кунут дубасын окуу, 15- Саждада маңдайы менен бирге мурунду жерге тийгизүү. НАМАЗДЫН СҮННӨТТӨРҮ 1–Азан айтуу, 2–Намазды баштаганда биринчи такбирде эркектер колдорун кулак жумшагынын тушуна, аялдар да акырек тушуна чейин көтөрүүсү, 3–Такбирден кийин дароо колду байлоо. (Аялдар оң колун сол колунун үстүнө коюп учкаштырып төшүнө коюшат. Эркектер оң колунун бармагы жана чыпалагы менен сол билегине ороп, киндик астына коёт),

RkJQdWJsaXNoZXIy NTY0MzU=