СҮРӨТТӨРҮ МЕНЕН МУХТАСАР ИЛМИХАЛ

115 үстүнө отурат. Аялдар эки бутун тең оң тарапка чыгарып, жамбаш үстүнө олтурушат. Аялдардын бул отуруш абалы «таваррук» деп аталат. Акыркы олтурууда колдор тизелердин үстүнө кыбылага каратылып бош коюулат. Олтурганда көздөр көкүрөктүн сол жагына карайт. НАМАЗДЫН ВАЖИБТЕРИ: 1- Намазды «Аллааху акбар» сөзү менен баштоо, 2- Парз намаздардын биринчи эки рекетинде, нафиле намаздардын ар бир рекетинде «Фатиха» сүрөсүн окуу, 3- «Фатиха» сүрөсүнөнөн кийин бир сүрө же кыска бир сүрөгө тең узун аят окуу, 4- Кыраат; Фатиха жана сүрөнү алдыңкы эки рекетте окуу, 5- Эки сажданы биринин артынан бирин кылуу, 6- Ар бир дене мүчө өз ордуна келгенче шашпай окуу, мындайча айтканда; тик туруу, рүкү жана сажда сыяктуу намаздын рүкүндөрүнү шашпай толук аткаруу. Мисалы: рүкүдөн турганда дене боюу тик туруу керек, эң аз бир жолу «Субхаана раббийал ъазиим» деп айтканчалык тик тургандан кийин саждага баруу керек. Эки сажданын арасында да бир таспих айтканчалык күтүп туруу керек. 7- Олтурууларда «тахиятты» окуу, 8- Намаздын акырында салам берүү,

RkJQdWJsaXNoZXIy NTY0MzU=