СҮРӨТТӨРҮ МЕНЕН МУХТАСАР ИЛМИХАЛ
10 ЗАРЫЛ ЭСКЕРТҮҮ! Кадырлуу окурман! Колуңуздардагы эмгекте кээ бир сүрө, аяттар жана баталар орун алган, булардын «крилл тамгалары» менен окулуусу да берилген. Бул араб тамгаларын окуй албагандардын жаттоого жеңил болуусу үчүн берилген. Антпесе, крилл тамгалары менен туура жаттоого мүмкүн эмес. Бул тамгалар менен жаттагандар, сөзсүз түрдө арабча окуй билген устаттардан туура окулуусун үйрөнүүлөрү зарыл. Сүрөлөрдү кыргызча окуганда төмөндөгү нерселерге көңүл буруңуздар. л: л тыбышы калың окулат. Мисалы: бала; к: к тыбышы калың окулат. Мисалы: кагаз; с: с тыбышы тил менен алдыңкы тиштер арасынан окулат; з: з тыбышы тил менен алдыңкы тиштер арасынан үн менен окулат; ъ: тамакты бир аз кысып айтылган тыбыш; х: х тыбышы калың окулат. Кыскартуулар: (ж.ж.) Жалла Жалаалуху (а.с.) Алейхиссалам (с.а.в.) Саллаллааху алейхи васаллам (р.а.) Разияллаху анх (рах.) Рахматуллахи алейх Көңүл бургула: Колуңуздардагы китепте Курандан аяттар жана сүрөлөр болгондуктан жерге таштабай, таза кармап, урмат менен пайдаланууңузду өзгөчө эсиңиздерге сала кетебиз.
RkJQdWJsaXNoZXIy NTY0MzU=