СҮРӨТТӨРҮ МЕНЕН МУХТАСАР ИЛМИХАЛ

9 КИРИШ СӨЗ Адамзаттыжана бүткүл ааламдарды улуу даанышмандык жана жогору максат менен жараткан Аллах Таалага чексиз мактоо жана даңктоолор болсун. Ааламдарга эң улуу мээрим, эң чоң шапаатчы жана Пайгамбарлардын эң даражалуусу катары жиберилген Пайгамбарыбыз Мухаммед Мустафа (с.а.в.) га, анын үйбүлөсүнө, сахабаларына жана аны ээрчигендердин бардыгына салават жана саламдар болсун. Илмихал – мусулмандардын ишенимжана ибадаттарына байланыштуу билүүсү эң зарыл болгон маселелерди ичине камтыган илим. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (с.а.в.): «Илим талап кылуу – ар бир мусулман эркек жана аял үчүн парз» , – деген. Ааламдар сыймыгы Пайгамбарыбыз (с.а.в.) хадистери аркылуу бардык мусулмандардын үйрөнүүлөрү парз экендигин билдирген, эч күмөнсүз, алардын дүйнө жана акыретте бактылуу болууларына себепкер болгон илим – бул Илмихал. Андыктан, ар бир мусулман эркек жана аялдын ишеним жана ибадаттарына тиешелүү маселелерди үйрөнүүлөрү парз. Инсан, «Зарурааты динийя» деп аталуучу зарыл жана маанилүү маселелерди үйрөнүп, ишенмейинче, толук мусулман боло албайт. «Илмихал» китеби – ар бир мусулмандын диний негизги маселелерди бат үйрөнүп, оңой эсинде сактап калуусуна жардамчы болсун деген максатта, «Ханафий» мазхабынын негизинде даярдалды. Аллах Таала ыраазылыгына жеткирсин! Оомийн!

RkJQdWJsaXNoZXIy NTY0MzU=